Бишкек шаарында автобуста жаш кызга карата ыплас аракет жасаган деген шек менен 69 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ага карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен протокол түзүлүп, шектүү Республикалык психиатрия жана наркология борборуна жаткырылды.
Буга чейин социалдык тармактарда автобуста кызга ыдык көрсөткөн эркек кишинин видеосу тараган. Милиция ага издөө жарыялаган.