АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэланы АКШнын 51-штаты катары көрсөткөн картаны жарыялады. Мындай сүрөттү ал өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жүктөгөн.Буга чейин Трамп Венесуэланы АКШнын 51-штатына айлантуу мүмкүнчүлүгүн "олуттуу түрдө карап жатам" деп билдирген.
Ал америкалык ЖМКларга берген маегинде Венесуэлада болжол менен 40 триллион долларга бааланган ири мунай запасы бар экенин айтып, бул АКШнын энергетикалык коопсуздугу үчүн өтө маанилүү экенин белгилеген. Ошондой эле ал Венесуэланын эли аны колдой турганын айтып, "Венесуэла Трампты жакшы көрөт" деп билдирүү жасаган.
Бул билдирүүгө Венесуэланын убактылуу жетекчиси Дельси Родригес өлкө эч качан АКШнын курамына кирбей турганын айтып, Венесуэла "колония эмес, көз карандысыз мамлекет" экенин баса белгиледи. Ошондой эле Венесуэла көз карандысыздыгын жана эгемендүүлүгүн коргой турганын кошумчалады.