Депутат Исманали Жороев "Кыргызтест" мекемесинин филиалдарын аймактарга ачууну сунуштады. Бул тууралуу ал 13-майдагы парламенттин жыйынында сөз кылды.
Эл өкүлү калктын санына жараша тест борборлорун көбөйтүү зарыл деген пикирде.
"Бүгүнкү күнү "Кыргызтесттин" сертификатын алуу жарандар үчүн олуттуу көйгөйгө айланды. Азыр мамлекеттик кызматка орношууда жана кызматтык өсүүдө бул сертификат негизги талап болуп калды. Бирок тест тапшыруу үчүн шарттар жетишсиз. Учурда Бишкек шаарында бир гана тест борбору иштеп жатат. Тестте ар бир адамга 3 саат убакыт берилгендиктен, күнүнө чектелүү гана адамдар кабыл алунууда. Натыйжада электрондук кезек бир нече жумага, айрым учурларда кийинки айларга чейин толуп калууда.
Аймактардан келген адамдар жол чыгымына, күн бою кезек күтүүгө мажбур болуп жатышат. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү менен катар жарандар үчүн жеткиликтүү шарттары түзүү маанилүү",- дейт эл өкүлү.