Бүгүн, 13-майда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосуна барды.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Касымалиев ал жакка тик учакта журналисттер менен бирге барган. Анын Ысык-Көлгө жасаган сапарынын максаты - Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана эл аралык спорттук турнирлерди өткөрүүгө көрүлүп жаткан даярдыктарды текшерүү.
Өкмөт башчы Кырчын капчыгайында этномаданий иш-чараларды өткөрүүгө арналган аянтчалардын учурдагы абалы менен таанышып, андан ары этномаданиятты, ат спорту индустриясын жана асыл тукум жылкычылыкты өнүктүрүү борборун (ипподром) көрүп чыккан.
Ошондой эле Ысык-Көлдүн Бает айылында өтө турган "UIM F1H2O дүйнө чемпиондугу - Кыргызстан Гран-приси. Ысык-Көл – 2026" эл аралык спорттук иш-чарасына даярдыкка өзгөчө көңүл бурулган. Касымалиев Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборуна да барган.