Биз социалдык тармакта

Binance Кыргызстанда криптовалютаны колдонуу мүмкүнчүлүгүн MegaPay менен интеграциялоо аркылуу жөнөкөйлөттү

Дүйнөлүк алдыңкы блокчейн экосистемасы жана соода көлөмү боюнча дүйнөдөгү эң ири криптовалюта биржасы Binance, Кыргыз Республикасындагы төлөмдөр жана акча которуулар үчүн көп функциялуу мобилдик колдонмо болуп саналган MegaPay менен интеграциялоо аракети ишке киргизилгенин жарыялайт. Жаңы чечим Binance колдонуучуларына эсепти сом менен түздөн-түз, көнүмүш төлөм ыкмалары аркылуу толуктоого мүмкүнчүлүк берет. Интеграциялоонун биринчи этабында колдонуучуларга толуктоо функциясы жеткиликтүү болот, ал эми акча чыгаруу мүмкүнчүлүгү кийинчерээк кошулушу пландалууда.

Интеграция виртуалдык активдерге жетүүнү жөнөкөйлөтүүгө жана жергиликтүү криптоэкосистеманы өнүктүрүүгө багытталган. MegaPay аркылуу колдонуучулар фиат менен кадимки төлөм сценарийинде иштешет — бул криптовалюта менен иштөөнү түшүнүктүүрөөк кылат. Бул чечимдин алкагында колдонуучуларга KGST (сомго 1:1 катышта байланган стейблкоин) сатып алуу мүмкүнчүлүгү да берилет.

Толуктоо сценарийи эң жөнөкөй түрдө түзүлгөн. Колдонуучу Binance сайтына же мобилдик колдонмосуна кирип, «Толуктоо» функциясын тандайт, валютаны KGS деп көрсөтөт жана керектүү сумманы киргизет. Андан кийин төлөм ыкмасы катары ELQR тандалат, андан соң операция Binance интерфейсинде тастыкталат: колдонуучу мобилдик банк колдонмосу аркылуу QR-кодду сканерлеп, сом менен которууну аяктайт. Бул ыкма эсепти толтурууну жергиликтүү колдонуучулар үчүн кадимкидей, тез жана түшүнүктүү кылат.

Интеграциялоо ишке ашырылгандан кийин Кыргызстандагы Binance колдонуучулары эсепти түздөн-түз сом менен толтура алышат. Бул фиаттан криптоактивге өтүү жолун кыйла кыскартып, колдонуучулардын убактысын үнөмдөйт.

«Фиат каналдарын жергиликтүү төлөм системалары аркылуу өнүктүрүү — Binance’тын санариптик активдерге глобалдык жеткиликтүүлүктү кеңейтүү стратегиясынын маанилүү бөлүгү. MegaPay менен интеграциялоо Кыргыз Республикасынын рыногунун өзгөчөлүктөрүн эске алууга жана колдонуучулардын күнүмдүк финансылык адаттарына ылайык чечимдерди сунуштоого мүмкүнчүлүк берет. Биз өлкөдөгү ар бир колдонуучу үчүн криптоэкономикага кирүүнү жөнөкөйлөтүү максатында жергиликтүү төлөм чечимдерин мындан ары да өнүктүрөбүз», — деп белгиледи Борбор Азия, Борбордук жана Чыгыш Европа, Африка аймактары боюнча Binance аймактык рынокторунун башчысы Кирилл Хомяков.

«Binance менен интеграциялоонун ишке ашырылышы MegaPay үчүн инновациялык финтех-экосистема катары өнүгүүдөгү маанилүү этап. Биз өлкөдө биринчилерден болуп салттуу финансылык кызматтарды санариптик активдер дүйнөсү менен байланыштырган чечимдерди киргизип жатабыз. Бул өнөктөштүк өлкөнүн финансылык технологиясынын өнүгүүсүндө жаңы баракты ачып, классикалык төлөмдөр менен криптоэкономиканын ортосундагы чек араларды жоёт. Биз колдонуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен гана чектелбестен, финансылык инструменттерди колдонууда жаңы маданиятты калыптандырып, санариптик активдерге жетүүнү ар бир адам үчүн жөнөкөй, тез жана түшүнүктүү кылып жатабыз», — деп белгилешти MegaPay өкүлдөрү.

Бул кызматташтык Кыргыз Республикасында санариптик активдерди өнүктүрүү боюнча Binance’тын узак мөөнөттүү стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын колдоосу менен жана мамлекеттик түзүмдөр менен биргеликте ишке ашырылууда.

XXX

Binance тууралуу

Binance дүйнө жүзү боюнча криптовалюталык инфраструктуранын алдыңкы провайдери болуп саналат, анын ичинде санариптик активдерди соодалоо боюнча көлөмү боюнча эң ири биржасы бар финансылык өнүмдөрдүн топтому камтылган. Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар ишеним арткан Binance платформасы колдонуучулар үчүн акча эркиндигин жогорулатууга багытталган жана криптовалюталык өнүмдөрдүн жана сунуштардын болуп көрбөгөндөй портфелин сунуштайт, анын ичинде соода жана каржы, билим берүү, маалымат жана изилдөө, кайрымдуулук, инвестиция жана инкубация, децентрализация жана башкалар.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн https://www.binance.com шилтемесин басыңыз.

MegaPay тууралуу

MegaPay — бул көп функциялуу мобилдик колдонмо жана заманбап санариптик шайман, ал төлөмдөрдү жана акча которууларды ыңгайлуу жана коопсуз жүргүзүүгө, мамлекеттик кызматтарды алууга жана төлөөгө, ошондой эле абоненттик номерди жана жеке чыгымдарды башкарууга мүмкүндүк берет. Интуитивдүү интерфейси жана күнү-түнү жеткиликтүү болгон колдонмо Кыргызстандын ичинде жана анын чегинен тышкары учурдагы финансылык операцияларды жүргүзүүнү камсыз кылат, ошондой эле колдонуучуларга бонустук системанын эсебинен кошумча артыкчылыктарды берет, товарларды жана кызматтарды төлөөдө үнөмдөөгө жана бонустарды алууга шарт түзөт.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн https://megapay.kg/ шилтемесин басыңыз.

KGST тууралуу

KGST толугу менен камсыздалган, кыргыз сомуна (KGS) 1:1 катышы менен байланышкан стейблкоин болуп саналат. KGST BSC (BNB Smart Chain) блокчейн технологиясын колдонот, бул тез жана арзан төлөмдөрдү жүргүзүүнү, трансчегаралык которууларды аткарууну жана каржылык жеткиликтүүлүктү кеңейтүүнү шарттайт. Стейблкоиндин иштеши жөнгө салуучу талаптарды сактоо менен ишке ашырылат жана анын туруктуулугун камсыз кылган резервдерди туура башкаруу менен коштолот. KGST стейблкоини эл аралык криптовалюта биржаларында листинг жол-жобосунан өткөн жана өз ичине Binance жана HTX сыяктуу аянтчаларды камтыган KGST/USDT аркылуу соода жүргүзүү жеткиликтүү.

КР МБА лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР,№18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан