Кытайдын полиция кызматкери жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына өлкөдө жүрүү тартибин жана жол эрежелерин кыргыз тилинде түшүндүрүп жатканы тартылган видео интернетке кеңири тарады. Видеодон тартип сакчысы айдоочуларга коопсуздук эрежелерин жана жол кыймылынын талаптарын кыргызча айтып жатканын көрүүгө болот.
Видео колдонуучулардын кызыгуусун жаратып, жылуу пикирлер жазылууда.