Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл өкмөтүндө жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, айыл өкмөтүнүн мурдагы жооптуу кызмат адамдары кызматтык абалынан пайдаланышып, жеке материалдык пайда табуу максатында жарандарга жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп беришкен.
Тергөө иштеринин жыйынтыгында мурдагы кызмат адамдары С.М. жана М.Ш. кылмыш жоопкерчилигине тартылып, сот тарабынан аларга карата үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Учурда тергөө уланууда.