
Бүгүн, 13-май саат 15:30 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 241,5 чакырымында жер көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, жеринде №24 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат. Ушул тапта атайын техникалар тартылып, жолду ыкчам тазалоо иштери башталды. Кошумча маалымат берилет.
Министрлик айдоочуларды сак болууга жана унаалардын ортосундагы коопсуз аралыкты сактоого чакырат.