Биз социалдык тармакта

Казакстан мектептерге жасалма интеллектти киргизет

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев орто билим берүү системасына жасалма интеллектти киргизүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 12-майда Акорда билдиргендигин казак басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, жарлыктын негизги максаты - жасалма интеллекттин ыкчам өнүгүүсү шартында Казакстандын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу жана заманбап, инновациялык билим берүү системасын түзүү.

2026-жылдын 1-июлуна чейин өкмөт 2026-2029-жылдарга карата орто билим берүү тармагына жасалма интеллектти кеңири киргизүү боюнча комплекстүү планды бекитет. Анда жекелештирилген окутуу механизмдерин түзүү, санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, мугалимдерди даярдоо жана окуучулардын жеке маалыматтарын коргоо каралат.

2026-жылдын 1-августуна чейин мектептерди техникалык жабдуу жана туруктуу жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылууну камтыган пилоттук долбоор ишке ашырылат.

2026-жылдын 1-сентябрына чейин орто билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу стандарттары бекитилет.

Ошондой эле мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүн камсыз кылган жана жасалма интеллектти билим берүү процессинде кошумча натыйжалуу курал катары пайдаланууну караган план кабыл алынат. Анда технологиялар мугалимдердин ишин алмаштырбастан, жардамчы инструмент катары колдонулары белгиленет.

Жарлыкта жасалма интеллект боюнча кеңештин мүчөсү Ли Кай-Фу берген сунуштарды практикалык иштерде пайдалануу да каралган.

Бул жаңычылдыктар шаардык жана айылдык мектептердин билим сапатынын ортосундагы айырманы азайтууга багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан