Бүгүн, 13-майда түндүк–түштүк альтернативдик унаа жолунун 241,5-чакырымында таштар кулап, жол кыймылы убактылуу жабылды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.
Ал жерге атайын техникалар тартылды. Учурда аталган тилкеде тазалоо жана унаа кыймылын кыска мөөнөттө калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.