Биз социалдык тармакта

Кыргызстан-Иран кызматташтыгы талкууланды

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 13-майда Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин тышкы саясат боюнча катчысынын орун басары Али Багери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдирди.
ШКУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жолугушуусунун алдында өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, ошондой эле актуалдуу аймактык жана эл аралык процесстер талкууланды.
Мындан тышкары эки жактуу кызыкчылык туудурган бир катар багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнүн учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.
Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуучу тарап катары Кыргызстандын ролу, ошондой эле уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташууну мындан ары чыңдоонун мааниси баса белгиленди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан