Биз социалдык тармакта

"Евровидение": Скрипканын кылдары үзүлсө да, Финляндия финалга чыкты

“Евровидение-2026” эл аралык сынагынын биринчи жарым финалында Финляндиянын өкүлдөрү – Пете Паркконен жана Линда Лампениус – “Liekinheitin” аттуу ырын аткарышты.

Сахнадагы номер учурунда Линда Лампениустун скрипкасынын кылдары үзүлүп кеткен. Ошого карабастан артисттер номерин ийгиликтүү аякташты.

Белгилей кетсек, Линда Лампениус “Евровидениеде” скрипканы жандуу аткарган сейрек музыканттардын бири болду. Сынактын эрежеси боюнча аспаптык партиялар көбүнчө фонограмма менен коюлат. Бирок European Broadcasting Union фин дуэтинин өтүнүчүн канааттандырып, жандуу аткарууга атайын уруксат берген.

“Евровидениеде” жандуу музыкалык аспап акыркы жолу 1998-жылы колдонулган.

Финляндия финалга чыгып, букмекерлердин башкы фавориттеринин бири бойдон калууда. Сынактын финалы 16-май күнү Вена шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан