Жанарбек Акаев Ош шаарындагы эл менен жолугушуусун Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгында улантты. Күндүн экинчи жарымында өткөн жыйында аймак тургундары жолдордун абалы, электр мамычаларын жаңылоо, маршруттук каттамдарды көбөйтүү жана билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү көтөрүштү. Мындан тышкары айрым жашоочулар жеке маселелери менен да кайрылышты.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, жолугушууда үйү сүрдүрүлгөн жарандар кенемте маселесин да талкууга салышты. Шаар мэри үйү толугу менен бузулган тургунга шаар бийлиги тарабынан жаңы үй берилерин убадалады.
Ошондой эле Жанарбек Акаев билим берүү тармагындагы көйгөйлөргө өзгөчө токтолуп, ата-энелерди балдардын келечегине кайдыгер карабоого чакырды. Анын айтымында, окуучуларды көбүрөөк окутуп, тил үйрөтүп, дүйнө таанымын кеңейтүү зарыл. Мэр мындан ары бул аймактагы окуучулардын ЖРТдагы жана олимпиадалардагы жыйынтыктарына өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.
Калаа башчысынын калк менен жолугушуусу эртең да шаардагы башка аймактарда уланары маалым болду.