Депутат Талайбек Масабиров Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити менен жолугуп, парламенттер аралык кызматташтыкты жана эки тараптуу алакаларды кеңейтүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда “Ала-Тоо” депутаттык тобунун жакынкы күндөрү Жапонияга жасай турган иш сапарын уюштуруу маселелери каралды. Ошондой эле тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу пикир алышты.
Талайбек Масабиров быйыл Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюну тууралуу айтып, жапониялык тарапты эл аралык иш-чарага катышууга чакырды.