Биз социалдык тармакта

ИИМ баңгизат коркунучтары боюнча эл аралык жолугушууга катышты

Европа Биримдиги менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн баңгизат коркунучтарына каршы диалогу Брюссель шаарында өттү. Иш-чарага Ички иштер министрлигинин делегациясы катышып, өлкөдөгү баңгизат кырдаалы жана мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда синтетикалык баңгизаттардын жайылышы, санариптик платформалар менен криптовалюталарды колдонуу жана эл аралык кызматташтыкты күчөтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле CADAP, EU-ACT жана BOMCA программаларынын алкагындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйындын соңунда тараптар заманбап баңгизат коркунучтарына каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан