Биз социалдык тармакта

ChatGPT жасалма интеллекти медицина, акча жана мыйзамдар боюнча жакшыраак түшүнө баштады

OpenAI компаниясы ChatGPT’нин 5.5 Instant аттуу жаңыртылган версиясын сунуштап, анын медицина, каржы жана укук сыяктуу сезимтал тармактардагы жооптору кыйла такталганын билдирди. Компаниянын расмий маалыматына ылайык, жаңы модель "тагыраак, түшүнүктүүрөөк жана колдонуучуга ылайыкташкан" болуп калды.

Негизги өзгөрүүлөрдүн бири - ChatGPT бул тармактардагы суроолорго жооп берүүдө кетирген катачылыктарды, башкача айтканда, "галлюцинацияларды", 50 пайыздан ашык кыскартты. Бул колдонуучулар үчүн өзгөчө маанилүү, анткени медицина, финансы жана укук жаатындагы так эмес маалымат чоң кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Мындан тышкары модель сүрөттөрдү жана фотолорду жакшыраак түшүнүп, илим жана математика боюнча суроолорго так жооп берип, интернеттен маалымат издөө мүмкүнчүлүгүн да жакшыртты. Иштеп чыгуучулардын айтымында, жооптор эми кыскараак, бирок мазмундуу болуп, ашыкча сөздөр жана татаал форматтоолор азайтылган.

Жаңы версия учурдагы GPT-5.3 Instant моделин алмаштырып, бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болду. Бирок аны колдонууда белгилүү бир чектөөлөр сакталары айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан