Биз социалдык тармакта

Агартуу министрлигине жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке 100дөн ашык автоунаа тапшырылды

Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта өткөн иш-чарага катышып, Агартуу министрлигине жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке 100дөн ашык жаңы автоунаанын ачкычын тапшыруу аземин өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, МинКаб башчысы берилген жаңы техника өлкөнүн акыркы беш жылдагы өнүгүүсүнүн жана мамлекеттик башкаруу системасынын бекемделишинин көрүнүктүү далили экенин белгиледи. Анын айтымында, мамлекет кыска убакытта материалдык-техникалык базасын чыңдап, билим берүү, экономика жана коопсуздук тармактарында жаңы деңгээлге көтөрүлдү.

Ал ошондой эле сатылып алынган ар бир унаа жана техника мамлекеттик каражаттардын натыйжалуу колдонулуп жатканын көрсөтүп, өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү мурдагыдан кыйла жогорулаганын билдирди.

Сөзүнүн жүрүшүндө Адылбек Касымалиев билим берүү тармагына да токтолуп, 1-апрелден тарта социалдык тармактардагы кызматкерлердин, анын ичинде мугалимдердин айлык акысы жогорулаганын эске салды. Ал билим берүү сапатын жакшыртуу мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.

Расмий маалыматка ылайык, 2021–2025-жылдар аралыгында өлкөдө 673 мектеп жаңыланып, анын ичинен 394ү жаңыдан курулуп, 114ү капиталдык оңдоодон өткөн. 2026-жылга карата дагы 200 социалдык объект куруу пландалып, анын 50сү мектептер болот.

Андан тышкары Жер ресурстары мамлекеттик агенттигине 20 жаңы автоунаа берилди. Мурда бул тармакка GPS, GNSS жабдуулары, дрондор, сервердик жана компьютердик техника менен камсыздоо иштери жүргүзүлгөнү айтылды. Ошондой эле бир катар аймактык бөлүмдөр оңдолуп, жаңы имараттар курулууда.

Иш-чарада жер амнистиясы да өзгөчө белгиленди. Маалыматка ылайык, бул кампаниянын жүрүшүндө 240 миңден ашык кайрылуу түшүп, 75 миңден ашуун жаран “кызыл китеп” алган, 40 миңден ашык техникалык паспорт берилген жана 10 миң гектардан ашык жер мыйзамдаштырылган. Жалпысынан өлкөдө 3,6 миллион кыймылсыз мүлк объектиси катталган.

МинКаб башчысы бул реформалар жер жана мүлк мамилелерин толугу менен укуктук талаага өткөрүүгө жана санариптик геомаалыматтык системаны өнүктүрүүгө багытталганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан