Биз социалдык тармакта

Депутат Улуттук өндүрүш агенттигин түзүүнү сунуштады

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айгүл Карабекова президентке караштуу Улуттук өндүрүш агенттигин түзүүнү сунуштады.

Ал улуттук өндүрүш тармагын колдоо мамлекеттик саясаттын негизги багыты болушу керектигин белгиледи. Эл өкүлүнүн айтымында, эгер агенттик түзүлүп калса, бизнес менен мамлекеттик органдарынын кызматташуусун камсыз кылуу, каржылык колдоо көрсөтүү жана административдик тоскоолдуктарды жоюу боюнча иш алып барат.

Карабекова айтылган чаралар улуттук экономиканы колдоого, импортко болгон көз карандылыкты азайтууга, экспорттун өсүшүнө шарт түзөрүн кошумчалады.

Депутат Улуттук өндүрүш агенттигин түзүүнү сунуштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан