Биз социалдык тармакта

Трамп күтүүсүз жагдайдын алдын алып вице-президентке кат калтырганы айтылды 

АКШ президенти Дональд Трамп өзүнө байланышкан күтүүсүз жагдай болуп кетсе деген негизде вице-президент Жей Ди Вэнске атайын кат калтырган. Бул тууралуу Ак үйдүн өкүлү Себастьян Горка Pod Force One подкастында билдиргенин New York Post басылмасы жазды.

Горканын айтымында, АКШда президенттик кызматты өткөрүп берүү боюнча атайын эрежелер жана коопсуздук протоколдору бар.

“Президенттин столунда вице-президентке арналган кат сакталуу. Эгер ага бир нерсе болуп кетсе, кат ошол учурда колдонулат. Бизде атайын протоколдор бар”,- деген ал.

Ошондой эле Горка Дональд Трампка каршы чет өлкөлүк күчтөрдөн коркунуч болушу мүмкүн экенин да кыйыткан.

Белгилүү болгондой, учурда Трамп Кытайда мамлекеттик сапары менен жүрөт. Пекинде ал Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолугуп, эки өлкөнүн ортосундагы соода, инвестициялык алаканы жана эл аралык маселелерди талкуулап жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан