
Өлкөдөгү 2 жаңы банкка улуттук жана чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берилди. Бул тууралуу 14-майда Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, лицензиялар:
- "Кылым Банк" ачык акционердик коомуна берилди. Банктын уставдык капиталы 1 миллиард сом болуп, анын 100 пайыз үлүшү мамлекетке таандык.
- Ошондой эле "Мурас Банк" жабык акционердик коомуна да берилди. Банк чет элдик капиталдын катышуусу менен түзүлүп, уставдык капиталы 1,4 миллиард сомду түзөт. Мекеменин негиздөөчүсү жана директорлор кеңешинин төрагасы Сергей Убтц болуп саналат. Ал эми башкармалыкты Азамат Өмүралиев жетектейт.