Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев ал демилгечи болгон мыйзам долбоорун комитет аны чакырбай эле карап коюшканын айтып, нааразычылыгын билдирди.
Парламент төрагасы Марлен Маматалиев бул боюнча кимден ката кетсе, ага бүгүн эле сөгүш берерин убада кылды. Спикер ошондой эле аппарат кызматкерлерине эскертүү берди.
"Кайсы бир мыйзам, сунуш боюнча авторун же сунуш берген депутатты чакырбасаңыздар жумуштан айдаласыздар. Бул силерге акыркы жолку эскертүү. Кайсы депутат болбосун анын берген сунушу комитетте каралып жатса, анда ал чакырылышы керек. Кандай ал жок эле карап коёсуңар? Бул туура эмес. Мындай нерсе кайталанбашы керек. Анан, азыркы айтылган сын боюнча кимден кетсе, ага бүгүн эле сөгүш берем",- деди Маматалиев.