Бугүн, 14-майда президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңеш катчыларынын 21-жыйынынын катышуучулары болгон делегация башчылары менен жолугушту.
Мамлекет башчысынын администрациясы тараткан маалыматка ылайык, өлкө башчы Бишкек шаарында өтүп жаткан жыйын ШКУнун алкагындагы коопсуздук жаатындагы 2026-жылдагы негизги окуя катары өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгилеген.
Садыр Жапаров өз сөзүндө ШКУга мүчө мамлекеттер бүгүнкү күндө туш болуп жаткан негизги көйгөйлөргө токтолгон. Алардын арасында геосаясий чыңалуунун күчөшү, Жакынкы Чыгыштагы куралдуу кагылышуулар, ошондой эле терроризм, сепаратизм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана киберчабуулдарды камтыган трансулуттук коркунучтар бар.