Казакстандын Кассациялык соту Салтанат Нукенованын өлүмү боюнча иште соттолгон Бахытжан Байжановдун апелляциялык даттануусун карап, мурда чыгарылган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Соттун маалыматына ылайык, коргоочу тараптын даттануусу канааттандырылган жок. Иш материалдарында Байжанов кылмыш жасалгандан кийин аны жашырууга аракет кылганы айтылат. Тактап айтканда, ресторанга укук коргоо органдарынын кирүүсүнө тоскоолдук кылган, видеокамера жазууларын өчүргөн жана башка далилдерди жок кылууга аракет кылган деген тыянактар көрсөтүлгөн.
Сот ошондой эле дайындалган жаза кылмыштын оордугуна жана коомдук коркунучка дал келерин белгилеп, шарттуу жаза же эркинен ажыратпоо тууралуу өтүнүчтөрдү негизсиз деп тапты.
Эскерте кетсек, 2024-жылы Байжанов өзгөчө оор кылмышты жашырган деп табылып, 4 жылга кесилген. 2025-жылы сот аны жарым-жартылай амнистия менен мөөнөтүн кыскарткан. Жаңыланган эсеп боюнча ал 2026-жылдын ноябрь айларында эркиндикке чыгышы мүмкүн.