Өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун перинаталдык борборунун жаңы имараты жана медициналык мекеменин эски корпусундагы шарттар менен таанышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ал үч эм төрөгөн энеден кабар алып, үй-бүлөгө ден соолук, бакубатчылык жана бакыт каалады.
Мындан тышкары, ал борбордун жамаатын жана бардык энелерди Энелер күнү менен куттуктады. Өз сөзүндө: "Май айынын үчүнчү жекшембисинде эң жылуу майрамдардын бири — Энелер күнү белгиленет. Биздин каада-салтыбызда эне — улуттун бешиги. Эне болуу — бул эрдик да, зор бакыт да",- деди биринчи айым.