Кыргызстан жаштар курама командасы “Шериктештик кубогу-2014” Эл аралык мелдешинде тайпадан чыга алган жок

21 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргызстан курама командасы Эстонияга утулуп, “Шериктештик кубогу-2014” Эл аралык мелдешинин чейрек финалына чыга алган жок. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда мелдештин расмий сайты билдирди.

Маалыматка ылайык, Эстония-Кыргызстан беттеши 3:0 эсебинде аяктап, “А” тайпасынан кийинки баскычка Эстония курама командасы чыкты.

Эми Анарбек Ормомбеков башкы машыктыруучулук кылган жаштар курама командасы 9-12-орундар үчүн беттеш өткөрүшөт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан