Бүгүн, 15-майда президент Садыр Жапаров Казакстандын Түркстан шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышууда.
Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, уюмга мүчө-өлкөлөрдүн делегация башчыларын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.
Саламдашуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары саммитке катышуу үчүн залга өтүштү.