Биз социалдык тармакта

Өлкөдө Тажикстандын Маданият күндөрү өтөт (программасы)

Маданият министрлиги кабарлагандай, Кыргызстанда 17–22-май күндөрү Тажикстандын Маданият күндөрү өткөрүлөт.
Маалыматка ылайык, иш-чарага аталган өлкөнүн 94 адамдан турган расмий жана чыгармачыл делегациясы катышат.
Анын алкагында концерттик программалар, сүрөт көргөзмөлөрү, илимий-адабий жолугушуулар жана көркөм тасмалардын көрсөтүлүшү уюштурулат.
Программасы:
18-май
  • А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада саат 10:00дө «Турсунзода жана Айтматов: тынчтыктын жана достуктун даңазалоочулары» аттуу илимий-адабий жолугушуу болот
  • "Ала-Тоо" кинотеатрында саат 16:00дө «Өмүр керемет» тасмасынын көрсөтүлөт
19-май
  • Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болот. Ал саат 10:00дө башталат
  • "Ала-Тоо" кинотеатрында саат 14:00до «Рустам тууралуу баян» тасмасы көрсөтүлөт
  • Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Тажикстандын маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылыш аземи саат 18:30да орун алат
20-май
  • "Ала-Тоо" кинотеатрында «Чындык издеп» тасмасы саат 14:00дө көрсөтүлөт
21-май
  • "Рух-Ордо" маданият борборунда саат 18:00дө Тажикстан Республикасынын Маданият күндөрүнүн жабылуу аземи өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан