Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен 19-20-майда Кытайга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы жарыялады.
Сапардын алкагында Путин менен Си Цзиньпин эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин талкуулашат. Ошондой эле эл аралык маселелер боюнча пикир алмашат.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалган.