Биз социалдык тармакта

Трамп: Тайванга курал-жарак жеткирүү токтотулат

АКШнын президенти Дональд Трамп Тайванга 12 миллиард долларлык курал жеткирүү маселеси азырынча токтотулганын билдирди. Анын айтымында, Вашингтондун мындан аркы кадамдары Кытайга жараша болот.

"Мен азырынча бул чечимди кийинкиге жылдырып турам, баары Кытайдан көз каранды. Ачыгын айтканда, бул биз үчүн сүйлөшүүлөрдүн эң маанилүүсү болду. Кеп өтө көп көлөмдөгү курал тууралуу болуп жатат. Он эки миллиард доллар — бул абдан чоң көлөмдөгү курал", — деди Трамп Fox News телеканалына берген маегинде.

Белгилей кетсек, 13–15-май күндөрү Дональд Трамптын Кытайда расмий сапар менен болду. Анын айтымында, Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы АКШнын Тайванга карата саясатына таасир эткен жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан