Биз социалдык тармакта

Путин менен БАЭ лидери телефондо байланышты

Орусиянын президенти Владимир Путин Бириккен Араб Эмирликтеринин лидери Мохаммед бин Заид Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары Ирандын айланасындагы кырдаалды талкуулашты. Анда эки тарап тең жаңжалды сүйлөшүү жолу менен чечүү керектигин белгилешти.

Президенттер жаңжалдын катышуучулары аймактагы бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу менен компромисстик чечимдерди иштеп чыгышы керек деген пикирге келишти.

Ошондой эле Орусия менен БАЭнин саясий жана соода-экономикалык тармактардагы кызматташуусу талкууланды. Президенттер эки тараптуу активдүү байланыштарды улантууну макулдашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Тилек Шаршенбек уулу
2026-05-18 09:04:00
Путиндин ким менен сүйлөшкөнү эмне үчүн кыргыз маалымат порталында жаңылык болушу керек, урматтуу редакция.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан