Биз социалдык тармакта

Роберт Левандовски "Барселонадан" кете турганын жарыялады

Польшанын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Роберт Левандовски сезон аяктагандан кийин Испаниянын "Барселона" клубунан кетерин билдирди. Бул тууралуу ал Instagram баракчасында жарыялады.

"Миссиям аяктады деген сезим менен кетип жатам. Төрт сезон, үч чемпиондук. Алгачкы күндөрүмдө күйөрмандарымдан алган колдоону эч качан унутпайм", — деди 37 жаштагы чабуулчу.

Эске салсак, Левандовски "Барселона" клубуна 2022-жылдын жай айында келген. Бул аралыкта 37 жаштагы чабуулчу бардык турнирлерде 191 беттешке катышып, 119 гол киргизип, 24 пас берген.

Учурдагы сезондо "Барселона" командасына Испания чемпиондугунда дагы эки оюн өткөрөт. Курама 17-майда "Реал Бетис" менен, 23-майда "Валенсия" менен ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан