Жапаров Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчөлүккө шайлоого башка өлкөлөрдөн колдоо сурады
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанды Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине мүчө кылып шайлоонун алдында колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен башка өлкөлөрдүн лидерлерине кайрылды.
Добуш берүү 2026-жылдын 3-июнунда Нью-Йорк шаарында өтөт. Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер болууда.
Жапаров өз кайрылуусунда дүйнөдө чыңалуу күчөп жатканын, согуштар уланып жатканын жана эл аралык систем өлкөлөрдүн адилеттүү өкүлчүлүгүнө муктаж экенин белгиледи.
Ал Кыргызстан буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңешине эч качан мүчө болбогонун айтты. Мындай мүмкүнчүлүккө ээ болбогон дагы 60тай мамлекет бар. Ал эми Кыргызстандын атаандашы - Филиппиндер - буга чейин төрт жолу кеңештин курамына кирген.
Президенттин айтымында, Кыргызстандын шайланышы тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирип, чакан, өнүгүп келе жаткан жана деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок мамлекеттердин глобалдык коопсуздук маселелериндеги үнүн күчөтмөк.