Биз социалдык тармакта

Илон Маскка Францияда камакка алуу ордери чыгышы мүмкүн 

Франциянын укук коргоо органы X социалдык тармагына байланыштуу тергөөнүн жыйынтыгында анын ээси Илон Маскты камакка алуу ордерин чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматка ылайык, Франция бийлиги X социалдык тармагынын алгоритмдерин бир тараптуу деп баалаган. Мындан тышкары экстремизмге көмөктөшкөн жана балдар порнографиясын сактаган деп айыптаган.

Буга байланыштуу Илон Маск соттун чакыруусуна жооп бербей, суракка келүүдөн баш тартса, анда ага карата мыйзам чегинде камакка алуу ордери чыгарылат. Ал эми АКШнын Юстиция министрлиги аталган иш боюнча тергөө жүргүзүүгө жардам берүү сунушунан баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан