Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн 28 жаштагы чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Түркиядагы адам өлтүрүү кылмышына айыпталган. Окуя 2018-жылы Балыкесир провинциясынын Айвалык районундагы барлардын биринде болгон. Анда шектүү бир адам менен мушташа кетип, аны бычактап салган.
Кармалган чет элдик Бишкектин Ленин райондук милициясына жеткирилген. Ага карата өлкө мыйзамдары боюнча тиешелүү чечим кабыл алынары маалымдалды.