Өлкө башчы Садыр Жапаров армияга кетер алдындагы күндөрүн эскерди.
"Картошка отоп жүрүп, түшкү тамак ичкенден кийин көк чөпкө уктап калыптырмын. Эртеси күнү ооруп калдым. Мени Түп райондук ооруканасына жаткырышты. Анан армияга кетчү күнүм келип калды. Военкоматтан "сен кеткиң келбей эле жатып алдың, ооруканадан алып кетебиз" дешет.
Айласыз айыга электе ооруканадан чыгып үйгө барсам, апам менен атамдын инисинин жубайы экөө манты жасап күтүп отурушуптур. Анан Түндө манты жедик, жаныма да ороп салып берди. Ошентип армияга манты алып кеткем", - деди Жапаров "ПолитКлиникага" берген маегинде.