Өлкө башчы Садыр Жапаровдун карындашы Салтанат Жапарова агасынын жакшы көргөн тамагы манты экенин "ПолитКлиника" медиасына курган маегинде айтты.
Салтанат Жапарова апасы агасын дайым манты жасап алып күткөн күндөрүн эскерди.
"Агам "манты эле жасап койгулачы" дечү. Кээде "камырын эле жууруп берсеңиз, этин өзүм туурап, өзүм деле түйөм" дейт эле. Өткөндө агам менен жолугарда манты жасап барсам, бир-экини жеп туруп, "жакшы болуптур, бирок энемдикине окшошпоптур" деп койду", - деди президенттин карындашы.