Голливуд жылдыздары катышкан Канн кинофестивалындагы кызыл килемге кыргызстандык дизайнер Амира Таштанбекова өзү жараткан көйнөк менен чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында бөлүшкөн.
Учурда бул окуя дизайнер үчүн гана эмес, жалпы Кыргызстан мода индустриясы үчүн да маанилүү окуя катары бааланууда.
Канн кинофестивалы – дүйнөдөгү эң белгилүү кино иш-чаралардын бири. Ал жыл сайын Франциянын Канн шаарында өтүп, ага кино, мода, искусство дүйнөсүнүн жылдыздарын чогултат.