Биз социалдык тармакта

Ошто Төлөнов көчөсүндө асфальт төшөөгө даярдык иштери жүрүүдө

Ош шаарынын Алымбек датка муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Төлөнов көчөсүндө жолду оңдоо жана асфальт төшөөгө даярдык иштери кызуу уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жолду тегиздөө, ошондой эле жол боюндагы ирригациялык лотокторду орнотуу иштери аткарылып жатат. Долбоордун негизинде көчө 4 тилкелүү болуп кеңейтилет жана заманбап жол чырактары коюлат.

Жакынкы күндөрү жолго асфальттын биринчи катмары төшөлөрү күтүлүүдө. Мындан тышкары эки тарапка жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар салынып, жашыл аймактар да уюштурулат.

Иштер Ош шаарындагы жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан