Биз социалдык тармакта

АКШ Орусия мунайынын деңиз аркылуу ташуу лицензиясын дагы 30 күнгө узартты

АКШ Орусиянын мунайын деңиз аркылуу сатуусуна уруксат берген лицензиянын мөөнөтүн дагы 30 күнгө узартты. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлиги билдиргенин чет элдик ЖМКлар жазышты.

Маалыматка караганда, АКШнын каржы министри Скотт Бессент бул чечим эң алсыз өлкөлөрдү колдоо максатында кабыл алынганын билдирген.

“Биз лицензиянын мөөнөтүн дагы 30 күнгө узарттык. Бул чийки мунай базарын турукташтырууга жана энергетикалык жактан аз камсыз болгон өлкөлөргө мунайды жеткирүүнү камсыздоого мүмкүнчүлүк түзөт",- деген Скотт Бессент.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШ бийлиги 17-апрелде Орусиянын мунайын жана мунай азыктарын санкциядан чыгаруу чечимин кабыл алган. Ал 16-майга чейин күчүндө болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан