Биз социалдык тармакта

Трамп эбола вирусунун жайылып кетүүсүнө тынчсызданып жатканын айтты 

АКШнын президенти Дональд Трамп Африкадагы эбола вирусунун жайылышына байланыштуу тынчсызданып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал CNBC телеканалы маек берип жатып айткан.

"Мен эбола вирусу боюнча абдан тынчсызданып жатам. Азыр бул оору Африкада гана катталууда, бирок башка аймактарга да жайылышы мүмкүн",- деген Трамп.

Буга чейин АКШ бийлиги эбола оорусу катталган Уганда, Конго Демократиялык Республикасы жана Түштүк Суданга барып келген жарандар үчүн кошумча текшерүү чаралары киргизилерин кабарлаган.

Акыркы маалыматтар боюнча, эбола вирусунун жайылышынан Конгодо 91 адам каза болгону маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан