Биз социалдык тармакта

Шевченко, Мыктыбек Оролбай баштаган ММА мушкерлери Бишкекте чогулушту (сүрөттөр)

Бүгүн, 19-майда УКМКнын башчысы, Кыргызстандын аралаш күжүрмөн күрөш ассоциациясынын президенти Жумгалбек Шабданбеков ММА'дин бир катар мушкерлери менен жолукту.

Маалым болгондой, жолугушууда ал спортчулардын эл аралык аренадагы жетишкендиктерин жогору баалап, Кыргызстандын спорттогу аброюн көтөрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, кыргыз ММА спортчулары жыл сайын деңгээлин жогорулатып, дүйнөлүк аренада өлкөнүн атын татыктуу коргоп келишүүдө.

Ошондой эле ММА тармагын системдүү өнүктүрүү маселелери талкууланды. Төрага спорттук иш-чараларды мыйзамдаштыруу, коопсуздук талаптарын сактоо, бирдиктүү эрежелерди киргизүү жана спортчулардын кызыкчылыктарын коргоо зарылдыгын белгиледи.

Жыйынга Валентина Шевченко, Мыктыбек Оролбай, Бусурманкул Абдибаит уулу, Ражабали Шайдуллаев баштаган бир катар спортчулар катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан