Калифорниядагы токой өртүнөн улам 10 миңден ашык адам эвакуацияланууда
АКШнын Калифорния штатында ири токой өртүнөн улам он миңден ашуун адам эвакуацияланууда. Бул тууралуу NBC News басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, учурда өзгөчө коркунуч Сими-Вэлли шаарынын жашоочуларына жаралууда. Аталган шаар Лос-Анжелес шаарынан 50 чакырым аралыкта жайгашкан.
Калифорния штатынын өрт өчүрүү кызматынын акыркы маалыматына ылайык, өрттөн бир турак үй жабыркаган. Азырынча каза болгондор же жаракат алгандар тууралуу маалымат жок.
Учурда ири өрттүн аянты дээрлик 6 миң гектарга жетти. Өрттү өчүрүүгө атайын учактар дагы тартылган. Бирок буга карабастан күчтүү шамал жана ысык аба ырайы жалындын тез жайылышына себеп болууда.