Египетте куралчан адам жолдогу адамдарга ок чыгарып, 8 адам каза тапты
Египетте куралчан адам жолдон өткөндөргө ок чыгарып, 8 адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, ок чыгарган адам психикалык жактан оорулуу экени аныкталган. Ал Каирдеги психиатриялык ооруканалардын биринде дарыланып жүргөнү маалым болгон.
Кол салуудан кийин шектүү окуя болгон жерден качып кеткен. Издөө иштеринен кийин укук коргоо органдары шектүүнүн кайда экенин аныктап, кармоо аракетин көрүшкөн. Кармоо учурунда ал куралдуу каршылык көрсөткөнү үчүн жок кылынган.
Учурда Египеттин укук коргоо жана сот органдары бул окуя боюнча расмий тергөө иштерин баштады.