Биз социалдык тармакта

Иран: Согуш кайра башталса, АКШ оор жоготууларга туш болот

Жакынкы Чыгышта согуштук аракеттер кайра башталса, Иран тарап АКШ үчүн күтүүсүз кадамдарды жасай алат. Мындай билдирүүнү Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи өзүнүн Х социалдык тармагындагы баракчасына жазган.

Анда ал согуш башталгандан бери АКШ бийлиги миллиарддаган долларлык учактарды жоготкондугун моюндаганын белгилеген.

"Биздин күчтүү армиябыз мактанган учактарын биринчилерден болуп атып түшүргөнү тастыкталды. Согушка кайтып келүү дагы дагы күтүлбөгөн жагдайларды алып келет",- деген ТИМ башчысы.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп АКШ Иранга каршы жаңы чабуулдарды жасай турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан