Биз социалдык тармакта

Ошто Энелер күнү салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, 20-май күнү Ош шаарынын мэриясында Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү. Ага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, баатыр энелер жана коомдук ишмер аялдар катышты.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, мэр энелерди тынчтыктын, мээримдин жана биримдиктин символу катары белгилеп, кыргыз элинин энени урматтаган накыл сөздөрүн мисал келтирди. Ошондой эле акын Мелис Маматжановдун “Апакемдин алмасы” чыгармасын көркөм окуп берди.

Иш-чара соңунда энелерге жана коомдо активдүү эмгектенген аялдарга Ош мэриясынын атынан белектер тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан