Казакстандык блогер жана ишкер Сауле Базархан Алматыдагы жеке клиникалардын биринде каза болду. Бул маалыматты продюсер Гульзира Айдарбекова тастыктап, жакын курбусунан айрылуу оор болгонун билдирди.
Маалыматка караганда, Сауле Базархан 15-майда денедеги ашыкча май катмарларын хирургиялык жол менен сордуруп алуу боюнча пландуу операциядан кийин көз жумган. Анын кызынын айтымында, операция 1-1,5 саатка созулушу керек болчу, бирок дарыгерлер узак убакыт маалымат беришкен эмес.
Алматы полициясы блогердин өлүмү боюнча кылмыш иши козголгонун билдирип, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын маалымдады. Маркумдун жакындары окуянын чоо-жайын акыйкат иликтөөнү жана клиниканын ишин убактылуу токтотууну талап кылышууда.