Биз социалдык тармакта

Бишкекте сегиз унаа катышкан жол кырсыгы катталды 

Бүгүн, 21-майда Бишкек шаарында сегиз унаа катышкан жол кырсыгы катталды. Бул маалыматты SUPER.KG порталына ЖКККББнын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, кырсык болжол менен саат 13:30 чамасында болгон. Анда Mercedes-Benz Actros үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу Фрунзе жана Абакан көчөлөрүнүн кесилишинде жети жеңил унааны сүзүп кеткен. Айдоочу казак жараны экени маалым болду.

Учурда кайгуул кызматы жеринде жол кырсыгынын себептерин тактоо иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан