Чүй облусундагы унаа оңдоочу жайда өрт чыгып, бир адам түтүнгө ууланып каза болду. Бул туурасында Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 28-январда билдирди.
Өрт кырсыгы Сокулук районунда катталды. Анда аталган жайдын кийинип-чечинүүчү бөлмөсү өрттөнгөн. Анын кесепетинен кийим-кечелер, дөңгөлөктөр күйгөн. Учурда өрттөн келип чыгуу себептери такталууда.