Бүгүн, 21-майда, күч түзүмдөрүндөгү булактардын маалыматына ылайык, Тай-Мурас Ташиев кайрадан Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгына сурак берүү үчүн барды.
Учурда сурактын себептери жана анын алкагындагы иштер боюнча расмий маалымат айтыла элек.
Белгилесек, Тай-Мурас Ташиев - мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу.