Бишкек шаарында такси кызматында талкуу жараткан окуя катталды. Айдоочу таштанды салынган баштык көтөрүп алган жүргүнчүлөрдү унаага отургузбай, “машинаны кир кыласыңар” деген жүйө менен сапардан баш тарткан.
Маалыматтарга караганда, айдоочу таштандынын жыты жана кир болуу коркунучун айтып, жаңы отурган кардарларды унаадан түшүрүп салган.
Окуяга күбө болгондор бул кырдаалды талкуулап, айдоочунун жүрүм-турумуна карата ар кандай пикирлерди билдиришүүдө – бир бөлүгү аны түшүнсө, башкалары жүргүнчүлөрдү мындай жол менен калтыруу туура эмес экенин айтууда.